Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Бишкек-Каракол жолу кайрадан буулду


Жол чоң таштар менен тосулуп, жабылды. Жол буугандар Бишкек ШИИБ тарабынан кармалган төрт кишини бошотууну талап кылышууда. Ысык-Көл облустук ИИБнын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун “Азатыкка” билдиргени боюнча жолду жүзгө чамалуу киши тосуп турушат.

Маалыматтарга ылайык 1-июлга караган түнү Ысык-Көлдө топ киши милицияга кол салган. Аларды 2-июлда Бишкекте шаардык ИИБнын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, камакка алышкан. Бишкек ШИИБнын маалыматы боюнча кармалгандар 27 жаштагы Кайрат, 20 жаштагы Жыргал, Данияр жана 23 жаштагы Эльдияр аттуу жигиттер болгон.(MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG