Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Ысык-Көл райондук милициянын жетекчиси кызматтан алынды


Ысык-Көл РИИБнүн жетекчиси Бакыт Матмусаевдин кызматтан алынганы тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады. Анын айтуусунда, Бакыт Матмусаев кызматынан жол буугандардын талабы менен алынды.

Бакыт Матмусаевди кызматтан алуу талабы 2-июль күнү облустагы өкмөт өкүлү Эмилбек Каптагаев менен болгон жолугушууда милиция менен чатакташкан топтун тарапкерлери тарабынан коюлган болчу.

Маалыматтарга ылайык 1-июлга караган түнү Ысык-Көлдө бир нече киши милиция кызматкерин сабап салган. Ал көмөк чакырганда барган милиция менен топтун ортосунда чатак чыккан. Аларды 2-июлда Бишкекте шаардык ИИБнын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, камакка алышкан. Бишкек ШИИБнын маалыматы боюнча кармалгандар 27 жаштагы Кайрат, 20 жаштагы Жыргал, Данияр жана 23 жаштагы Эльдияр аттуу жигиттер болгон.(MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG