Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Пайзулла Рахманов 12 жылга кесилди


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин мурдагы башчысы Пайзуллабек Рахмановду күчөтүлгөн тартипте 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” маалымдады.

Анын айтымында, ишти караган судья Абдразак Боромбаев Рахмановду Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 233-беренеси (Массалык башаламандык уюштуруу), боюнча күнөөлүү деп тапты. Сотто Рахманов өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий иш катары баалаган.

“Ак жол” партиясынын активдүү мүчөсү, мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакын адамдарынан бири саналган Пайзулла Рахманов 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин сыртка чыгып кеткен. Жаңы бийлик ага эл аралык издөө жарыялап, 2012-жылдын 15-июнунда Казакстандын Жамбыл облусунан кармалган. Анын жанынан Пазыл Ташбаев аттуу Беларустун жаранына таандык жасалма паспорт табылган. Рахманов Казакстандан Кыргызстанга 29-январда алынып келген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG