Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:26

Адли Мансур Египеттин утурумдук президенти катары ант берет


Египеттин конституциялык сотунун төрагасы Адли Мансур бүгүн өлкөнүн утурумдук президенти катары ант берет. Аскерлердин Мохаммед Мурсини кечээ түндө президенттиктен оодаруу себебин Египет армиясынын башчысы, генерал Абдул Фаттах ас-Сиси “элдин талабын аткарган жок” деп түшүндүрдү. Мурсини бийликтен алууну “Мусулман агайындар” кыймылы “аскердик төңкөрүш” деп атады. Президенттин кулатылышын өткөн түнү миллиондогон египеттиктер майрамдашды. Аскерлер исламчылардын жетеги астында жазылган конституцияны токтотуп, жаңы президенттик шайлоо өткөрүлөт деп убада беришти. Каир жана башка чоң шаарларды аскерлер күзөтүүдө. Бир нече шаарда исламчылар полицияга ок атып, ортодогу кагылышта тогуз адам набыт болду.
“Мусулман агайындардын” өкүлүнүн билдиришинче, Мурси 12 жардамчысы менен чогуу үй камагында отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG