Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Египеттеги кырдаалга дүйнө өлкөлөрү мамилесин билдирүүдө


Египет армиясынын Мохаммед Мурсини президенттиктен түшүрүү чечимине дүйнө өлкөлөрү өз реакциясын билдирүүдө. АКШ президенти Барак Обама армиянын кадамы аны “терең тынчсыздандырганын” айтып, Вашингтон демократиялуу шайланган өкмөт тез орнотулушун кааларын кошумчалады. Ак үй Египетке берилчү жардамды карап көрөрүн да билдирди.

Саудиянын падышасы Адли Мансурду Египеттин убактылуу президенти болуп тандалышы менен куттуктады. Мурсинин төңкөрүлүшүн Катар жана Бириккен Араб Эмирлиги да колдоду.

Сирия президенти Башар Асад Египетте саясий ислам жеңилди деди. Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле кечээ Афиныда кабарчыларга: “Биз жагдайга кылдат жана чоң кооптонуу менен көз салуудабыз. Биз анын катышуучуларын демократиянын нугунан чыпай, зобун-зордуктан качканга жана демократиялык диалогго үндөйбүз”, -деп билдирди.

Жапония өкмөтү да тараптарды күч колдонбой, жоопкерчилик менен аракеттенгенге чакырды.

XS
SM
MD
LG