Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Ысык-Көлдө абал тынч


Ички иштер министринин 1-орун басары Бактыбек Жусубалиев ушул тапта Ысык-Көлдө жүрөт. Жусубалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча 1-июлда милицияга кол көтөргөнү үчүн кармалган төрт кишинин бирөө ооруканада, калган үчөө Ысык-Көл РИИБнин убактылуу камоочу жайында кармалып жатат. Министрдин 1-орун басары Ысык-Көл РИИБнүн мурунку башчысы Бакыт Матмусаев кызматтан башка ишке которулганына байланыштуу кеткенин аныктады.

3-июлда Бишкек-Каракол жолун тосуп чыккандар Ысык-Көл РИИБнин башчысы Бакыт Матмусаевди кызматтан алууну талап кылышкан, ошол эле күнү Матмусаев кызматтан алынганын облустук ИИБ кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG