Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Баткен облусун реформалоо маселеси талкууланат


Баткен облусун реформалоо боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы 5-июлда облус активи жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуп, демилгени талкуулашат. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Азаттыкка» бүгүн билдиришти.

Жогорку Кеңештин 13-июнундагы жыйынында “Республика” фракциясынын депутаты Назарали Арипов Баткен облусун жоюуну, андагы Баткен жана Лейлек райондорун түздөн-түз өкмөттүк башкарууга өткөрүүнү сунуштаган болчу. Сунушка ылайык Баткен облусун административдик жактан реформалоо боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Агa ар бир фракциядан экиден депутат кирген.

Бул демилге коомчулукта талкууга алынып, нараазы болгондор чек аралаш аймакта абал начарлап жаткан чакта мындай реформа терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн билдиришкен болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG