Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Адли Мансур Египеттин утурумдук президенти


Египеттин Конституциялык сотунун төрагасы Адли Мансур өлкөнүн утурумдук президенти катары ант берди. Аскерлер президент Мохаммед Мурсини кечээ түндө президенттиктен оодарган. Анын жүйөсүн Египеттин куралдуу күчтөрүнүн башчысы, генерал Абдул Фаттах ал-Сиси “элдин талабын аткарбады” деп түшүндүргөн. Мурси аны бийликтен алууну “аскердик төңкөрүш” деп атады. Армия исламчылардын жетеги асытында жазылган конституцияны токтотту жана жаңы президенттик шайлоо өткөрүлөт деп убада берди.

Мурсинин бийликтен алынышын өткөн түнү миллиондогон египеттиктер майрамдашты. Каир жана башка чоң шаарларга мыкты куралданган аскерлер жайгаштырылган. Бир нече шаарда исламчылар полицияга ок атып, ортодогу кагылышта тогуз адам набыт болду. Мурси 12 жардамчысы менен чогуу үй камагында отурганын “Мусулман агайындар” кыймылынын өкүлү билдирди.

XS
SM
MD
LG