Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Мурсинин кулатылышын дүйнө өлкөлөрү түрдүүчө баалоодо


Египет президенти Мохамед Мурсинин төңкөрүлүшүн Катар жана Бириккен Араб Эмирлиги да колдоду, Саудиянын падышасы Адли Мансурду Египеттин убактылуу президенти болуп тандалышы менен куттуктады. Сирия президенти Башар Асад Египетте “саясый ислам жеңилди” деген оюн айтты.

Орусия тараптарды сабырдуулукка жана коогалаңга жол бербөөгө чакырды. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давудоглу бүгүн Стамбулда жасаган билдирүүсүндө: “Демократиялык шайлоодо бийликке келген Мурсини Египет армиясы төңкөрүш жасап, президенттиктен кетирди. Бул кадам Египеттеги революцияга жана анын натыйжасына байланыштуу өтө кооптондурат. Биз кырдаалга этият көз салуудабыз”,- деди.

Бириккен улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун египеттиктерди сүйлөшүүгө жана байистүүлүккө үндөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG