Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Египет: исламчыл кыймылдар нааразылык акциясына чыгат


Египеттеги “Мусулман агайындар” башында турган исламчыл кыймылдар өз тарапкерлерин бүгүн президент Мухаммед Мурсини бийликтен оодарган “аскердик төңкөрүшкө” каршы демонстрацияга чыгууга чакырууда.

Бейшембидеги мындай чакырыктар “Мусулман агайындардын” диний лидери Мухаммед Бади баштаган кыймылдын активдүү мүчөлөрүн камоо менен коштолду. Исламчыл кыймыл өз тарапкерлерин бүгүн тынч чогулуп, жума намаздан соң “аскердик төңкөрүш” жана камоолорго каршы өз нааразылыгын билдирүүгө үндөп жатат. Аскерий жетекчилик жарандардын нааразылык билдирүүгө укугу бар экенин, бирок ал улуттук коопсуздукка шек келтирбөөсүн эскертүүдө.

Египеттин Аскерий жетекчилиги президент Мухаммед Мурсини шаршемби түнү президенттиктен оодарган. Анын жүйөсүн Египеттин куралдуу күчтөрүнүн башчысы, генерал Абдул Фаттах ал-Сиси “элдин талабын аткарбады” деп түшүндүргөн. Мурси аны бийликтен алууну “аскердик төңкөрүш” деп атады. Армия исламчылардын жетеги астында жазылган Конституцияны токтотту жана жаңы президенттик шайлоо өтөт деп убада берди. Кечээ Египеттин Конституциялык сотунун төрагасы Адли Мансур өлкөнүн утурумдук президенти катары ант берди.

XS
SM
MD
LG