Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Зума: Манделанын абалы оор, бирок туруктуу


Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зума Нельсон Манделанын абалын “оор бирок туруктуу” деп баалады. Зума Манделанын дем алуу үчүн атайын аппаратка кошулган вегетативдик абалда деген маалыматты четке какты. Буга чейин Манделанын абалы оорлоп, дем алуу үчүн атайын аппаратка кошулганы айтылган.

94 жаштагы саясатчы 8-июндан бери ооруканада. Апартеидге каршы күрөшкөн Мандела түрмөдө 27 жыл отурган. 1990-жылы гана боштондукка чыгып, Түштүк Африкада биринчи кара өңдүү президент болгон.

XS
SM
MD
LG