Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Орусия Моралес үчүн Европа өлкөлөрүнө нааразы


Орусия Боливия президенти Эво Моралестин учагына аба мейкиндигин жаап койгон Франция, Испания жана Португалиянын аракетин сынга алды.

Бул өлкөлөр ушул жумада Москвадагы жыйындан соң өз өлкөсүнө бараткан Моралестин учагында АКШнын чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден бар болушу мүмкүн деген шек менен учууга тыюу салган. Мунун айынан Австрияга конууга аргасыз болгон Боливиянын президенти 14 саат кармалып, кечээ гана өз мекенине жетти.

Орус тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө бул өлкөлөрдүн кадамын Боливияга карата достук мамиле катары саноого болбой турганы айтылат. Боливия болсо мындай аракеттердин артында АКШ турат деп шектенүүдө. Түштүк Американын 12 өлкөсү мүчө болгон UNASUR союзу Эво Моралес менен болгон окуяны “душмандык жана адилетсиздик” деп сыпатташты жана маселени бейшембидеги саммитте талкуулады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG