Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Атамбаев: Коррупция маселеси күзгү жыйында каралат


Коррупция маселесин Коргоо кеңешинин жыйынында каралат деген жыл башындагы убадасы эмгиче аткарылбай келе жатканын кеңештин мүчөсү Абдыганы Эркебаев мамлекет башчыга эскертти:

- Сиз январь айында КТРКга курган маегиңизде коррупция маселеси Коргоо кеңешинин жыйынында каралат деп айткансыз. Март айында энергетика маселеси каралган учурда апрель айындагы жыйында карайбыз дегенсиз. Мына бүгүн июль айы, бүгүнкү күн тартибинде да жок. Бул маселе тууралуу айтуучу сөздөр көп, бүгүн болбосо да, кийинкисинде сөзсүз карайлы.

Эркебаевдин сөзүнө жооп кылган президент коррупция маселеси өтө татаалдыгын белгилеп, аны жыйында кароого даяр эместигин айтты:

- Мага келген материалдан даяр эмес болуп атат, бирөөнү камаш керек экен, бирөөнү түрмөгө киргизмей –жол эмес. Коррупция менен күрөшүүнүн жолу – анын алдын алуу. Биз коррупцияга баруучу жолду бууй турган жолду табышыбыз керек.

Алмазбек Атамбаев дин жана коррупция боюнча маселе Коргоо кеңешинин күзгү жыйынында карала турганын бекемдеди.(ZB/ZKo)

XS
SM
MD
LG