Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

Күзүндө Орусиядан курал-жарак келе баштайт


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Коргоо министрлиги ушул жылдын 4-кварталынан тартып, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө заманбап курал-жарактарды берүүнү баштайт. Бул өткөн жылы кыргыз-орус өкмөттөрү тарабынан кол коюлган аскерий кызматташтык тууралуу протоколго ылайык ишке ашырылат.

Мамлекет башчы сөзүндө бүгүн бекитилүүчү жаңы Кыргызстандын аскердик доктринасы өлкөнүн аскердик коопсуздугун жана мамлекеттик коргоону камсыз кылууда өтө чоң мааниге ээ экенин бекемдеди.

Кыргызстандын Коргоо кеңеши бүгүн Бишкекте жыйын өткөрүүдө. Анда Кыргыз Републикасынын аскерий доктринасы, КР Куралдуу күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо жана Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмесин тактоо маселелери каралууда. (ZB/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG