Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Президент Гүлайым Эркебаеваны кызматынан четтетти


Октябрь райондук сотунун судьясы кызматынан Гүлайым Эркебаеваны четтетүү тууралуу жардыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

Буга чейин Соттор кеңеши Башкы прокуратурага Гүлайым Эркебаеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Гүлайым Эркебаевага алгач “пара талап кылган, акча алган жана пара алууга ортомчу болуп берген” деген айыптардын негизинде кылмыш иш козголгон. Бирок кийин ал иш кайра каралып чыгып, Эркебаева алдамчылык боюнча гана шектүү деп айыпталган.

Гүлайым Эркебаева белгилүү коомдук ишмер, УИАнын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин кызы. Бүгүн түшкө чейин болгон Коргоо кеңешинин жыйынында Абдыганы Эркебаев президенттен коррупция маселесин коргоо кеңешинде карайм деген убадасын аткарбай келе жатканын эскерткен болчу. Ага жооп кылган президент өзүнүн коррупцияга тиешеси жоктугун, Кудай алдында таза экенин айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG