Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Чукул эскертүү: Сел жүрөт


6-8-июлда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

6-июлда тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге, Ысык-Көл акваториясына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүзү 23...28 градус ысык болот. Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүзү 21...26 градус ысыйт. Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүзү 26...31 градус көтөрүлөт. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...18, күндүзү 27...32 градус ысыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 9..14, күндүзү 20...25 градус ысык болот. Нарында түнкүсүн 7...12, күндүзү 21...26 градус ысыйт. Тоолордо түнкүсүн -2...+3, күндүзү 7...12 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте 6-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы 14...16, күндүзү 24...26 градус ысык болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG