Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Жээнбеков: Акыйкатчы сентябрь айында шайланат


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун бүгүн маалымат жыйынында билдиргени боюнч, Акыйкатчы кызматына сынак 15-августта аяктайт, ал эми сентябрь айында парламент жаңы Акыйкатчы шайлайт.

Спикердин айтуусунда, Турсунбек Акунду Акыйкатчылыктан алууну сунуштаган депутаттык комиссиянын чечимин сот күчүндө калтырды. Ал эми 27-июндагы Турсунбек Акунду Акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда алуу тууралуу парламенттин чечими тууралуу азырынча соттук териштирүү боло элек.

“Мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин ишин иликтеген депутаттык комиссия акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин кабыл алган. 27-июнда Жогорку Кеңеш ал чечимди колдоп берди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG