Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

ӨКМ министри Жалал-Абаддын сел жүргөн аймактарын кыдырды


Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 2-июлдан 4-июлга чейин облустун жаратылыш кырсыгынан жабыркаган аймактарына барып, эл менен жолугуп, кырсыктардын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча чечимдерди кабыл алды.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, Чаткалда жергиликтүү эл жолдордун талкаланганы ары-бери каттоого кыйынчылык жаратып жатканын билдиришкен. Министр Кубатбек Боронов андан тышкары Ала-Бука, Аксы районундагы селден жабыркаган аймактарда да чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелер менен таанышып, алардын тез арада чечилүүсүнө көмөктөшөрүн айтты.

Жолугушуу маалында Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдаганы үчүн” медалы менен сыйланды. Бул сыйлыкка жергиликтүү бийлик жарандык коргоо кызматтары менен биргеликте жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө алгылыктуу иштерди алып барып жаткандыгы үчүн жетишти. Өзгөчө кырдаалдар министринин иш-сапары андан ары Ноокен, Базар-Коргон райондорунда, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларында уланды деп маалымдайт басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG