Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Египет: демонстранттар кагылышынан 17 киши набыт болду


Мурсинин жактоочулары Каирде жолдорду тосушту
Мурсинин жактоочулары Каирде жолдорду тосушту
Каирде коопсуздук күчтөрү бийликтен кулатылган президент Мохаммед Мурсинин жактоочуларына каршы ок атты. Мурсинин жактоочулары менен каршылаштары кагылыша кетип, кеминде 17 киши мерт болгонун Египеттин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 200 чакты демонстрант жарадар болду. Экс-президентти колдогон демонстрациялар өлкөнүн ар кайсы жерлеринде өтүүдө. Армия жалпы кырдаалга көз салып, нааразылыкка чыккандарды зордук-зомбулукка жол бербөөгө чакырды.

Египет армиясы Газа тилкеси менен байланыштырган Рафах чек ара бекетин жапты. Буга чейин Синай жарым аралындагы өткөрмө бекетке чабуул болуп, бир аскер набыт болуп, эки карапайым адам жараат алган.

Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллэй «Мусулман агайындар» кыймылынын лидерлеринин камакка алынышына тынчсыздануу билдирип, жаатташкан тараптарды адам укуктарын сыйлоого чакырды.

XS
SM
MD
LG