Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Молдовада кылмышкерди химиялык кастрациялоо жөнүндө мыйзам жокко чыгарылды


Молдованын Конституциялык соту өткөн жылы кабыл алынган балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерге каршы киргизилген химиялык кастрация жөнүндө мыйзамды күчүнөн кетирди. Конституциялык сот кылмышкерди мындай жазага тартуу адам укуктарын бузуу болуп саналат деп эсептейт. Молдовада бул мыйзам либералдык партиянын демилгеси менен кабыл алынган. Ага ылайык, 15 жашка чейинки балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн өлкө жарандары менен чет элдиктер химиялык кастрацияга дуушар болмок. Мыйзам кабыл алынгандан бери беш киши жазанын бул түрүнө тартылганы менен аны ишке ашыруу кийинкиге калган.

Химиялык кастрация - медициналык дарыларды колдонуу менен эркектин сексуалдык жөндөмдүүлүгүн азайтуу. Кыргызстанда Жогорку Кеңеш бачабаздарга каршы химиялык кастрацияны колдонуу жөнүндө мыйзамды өткөн айда жактырды.

XS
SM
MD
LG