Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Парламенттеги көпчүлүк коалицияга дагы бир фракция кошулат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ парламенттин 5-сессиясынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатканда билдирди. Төрага көпчүлүк коалициянын таркоосу тууралуу коомчулуктагы пикирди четке кагып, ал азыр бекем экенин, дагы бир фракциянын кошулуусу менен андан да бекем иштерин белгиледи.

Ал эми Жогорку Кеңештин 5-сессиясынын жыйынтыгы тууралуу: былтыр сентябрдан бери 253 мыйзам долбоору кабыл алынганын, парламент эл аралык кызматташтык, маданият жана социалдык-экономикалык тармактарда ийгиликтерге жетишкенин кошумчалады.

Бешинчи чакырылыштын депутаттары 27-июндан сентябрга чейин эмгек өргүүсүнө тарашкан. (AKu)

XS
SM
MD
LG