Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Мунай кени боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтөт


Келаткан аптада Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл округунун Катта-Туз аймагындагы мунай кени боюнча өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуу болоорун өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Талаш болуп келаткан кен боюнча 3-июлда облустук деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтык берген эмес. Жыйындан кийин мунай куурларынын макамы аныкталары күтүлүүдө.

Аталган жерден Тажикстан 1980-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга тиешелүү болгондуктан мурдараак кыргыз чек арачылары кошуналарды чыгарган. Тажикстан болсо 1980-жылдары түзүлгөн макулдашуу бар экенин ооз эки эскертип келет. Жергиликтүү тургундар кошуна өлкөлөр иштетип жаткан аймактарды Кыргызстанга өткөрүп алууну же тендер аркылуу иштетип өлкө казынасына салык төлөтүүнү талап кылышкан.

Арка аймагынан Тажикстан өндүрүп жаткан мунайдан сырткары, Бүргөндү аймагынан Өзбекстан суткасына 20 тоннадай мунай өндүрөрү, газ сактоо үчүн жер астынан пайдаланып жаткан 1,5 миӊ гектардай жердин 700 миллион сомдон ашуун салыгын төлөбөй келатканы айтылып жүрөт. (JsA)

XS
SM
MD
LG