Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Жогорку Сот: депутаттардын соттук ишинин күнү тактала элек


Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана Талант Мамытовго козголгон кылмыш иши алгач 16-июлда караалары белгиленген, азыр кайсы күнгө калганы белгисиз. Ал материалдар менен таанышып бүтүүгө жараша аныкталат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттон билдиришти.

Бишкек шаардык соту актап, эркиндикке чыгарган депутаттардын иши боюнча Башкы прокуратура Жогорку Сотко көзөмөл сунушун жиберген. Ал учурда Жогорку Соттун кароосунда.

Акталган депутаттардын бири Талант Мамытов райондук сот Башкы прокуратуранын көзөмөл сунушуна депутаттардын нааразылык билдирүүсүн кошпостон Жогорку Сотко жибергенин кечээ сындап чыккан.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов өткөн жылы бийликти басып алууга аракет кылган деген кине менен тергөө абагына камалып, 9 айдан кийин Бишкек шаардык соттун актоо чечими менен бошотулган. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG