Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Ичеги-карын оорулары көбөйдү


Мындай маалыматты Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын баш дарыгери Гүлжигит Аалыев билдирди. Айтымында, ичеги-карын оорусунун көбөйүшүнүн негизги себеби – жашылча-жемиштерди тазалабай жегендиктен, суудан жана жеке гигиеналык эрежелерди сактабагандыктан болууда.

Дарыгердин маалыматында, март, апрель айларында өлкөдө ичеги-карын оорулары боюнча 25-30 адам бейтапканага жаткырылса, азыр алардын саны 250дөй. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 400 орун болсо анын көбүн ушул дарт менен келип жаткандар түзүп жатат. Мындан улам орун тартыш. Дарыгерлер ысыкта тамак-ашты туура сактоону сунушташат. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG