Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Акталган депутаттар Таласта кен маселесин козгоду


Жакында камактан чыккан “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров кечээ Таласка барды. “Борбордук стадиондо жергиликтүүлөр менен жолуккан депутаттар Таластагы Жерүй кени, Көк-Сай айылындагы талаштуу чек ара тилкеси боюнча пикир алышты”, дейт “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы.

Жыйында депутаттар сот системасына сынын айтып, алардын иши мыйзамсыз каралып жатканын кошумчалашты.

Оппозициячыл депутаттар мурдараак Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына барышкан.

Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров “бийликти басып алууга аракет жасаган” деген кине менен камакка алынып, 9 айдан кийин 27-июнда акталып чыкты. Бул боюнча Баш прокуратуранын көзөмөл сунушун ушу тапта Жогорку Сот карап жатат. (MbA)

XS
SM
MD
LG