Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Апта: Аскерий доктрина, жол жана тил


Кыргыз аскерлеринин машыгуусунан. Ош, 4-май, 2011.
Кыргыз аскерлеринин машыгуусунан. Ош, 4-май, 2011.

Коргоо кеңеши кабыл алган жаңы доктринага ылайык, кыргыз армиясы заманбап курал-жарактар жана техника менен камсыз болушу шарт.

Өтүп бараткан аптада Коргоо кеңеши Аскер доктринасын кабыл алды, «Датка» подстанциясы ачылды, «атажуртчу» үч депутат Жогорку Сот ишин калыс карарына күмөнүн билдирди, Конституциялык палата ишке киришти, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө президенттин жардыгы чыкты.

Аскердик жаңы доктрина кабыл алынды

Кыргызстандын коргоо кеңешинин 5-июндагы отуруму жаңы аскерий доктринаны бекитти. Расмий маалыматтарга караганда, доктрина мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирчү бардык коркунучтарга такоор бере турган аскерий тармакты түзүү максатын көздөйт. Доктринада негизги тышкы жана ички коркунучтар катары терроризм, сепаратизм, диний экстремизм саналган. Коркунучтарга туруштук берүү үчүн аскерий тармак заманбап курал жарактар жана техника менен камсыз болушу зарыл.

Ага жараша Коргоо Кеңешин башкарган президент Алмазбек Атамбаев доктринанын маани-мазмунун минтип чечмеледи:

- Бул документ Кыргызстандын аскердик коопсуздугун жана мамлекеттик коргоону камсыз кылуу үчүн зор мааниге ээ. Аскердик доктрина мамлекеттин коргоо саясатын, аны ишке ашыруу принциптерин жана формаларын аныктайт. Жаңы аскердик доктринада куралдуу күчтөрдүн башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүү каралган.

Коргоо кеңеши аскерий доктрина менен бирге Куралдуу күчтөрдү бирдиктүү башкаруу борборун түзүү маселесин да талкуулады. Президент Атамбаевдин айтканына караганда, борборду түзүү демилгеси доктринанын бир багытын ишке ашып жаткандыгын тастыктайт:

- Кыйын кырдаалда куралдуу күчтөрдү да, башка мамлекеттик түзүмдөрдү да жетектей турган бирдиктүү башкаруу борборун түзүү керектигин убакыт өзү көрсөттү. Ошол эле учурда бирдиктүү борбор туруктуу иштеп, аскердик жана жарандык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ар дайым даяр болууга тийиш.

Коргоо кеңешинин күн тартибиндеги маселелер жабык талкууланып, кабыл алынды. Доктринанын долбоору алгачкы ирет былтыр 25-сентябрда тиешелүү аскерий, коомдук-саясий чөйрөнүн талкуусуна ачык коюлуп, анда коргоо тармагын терең реформалоо, аскерий кадрларды, материалдык-техникалык базаны чыңдоо максаттары айтылган болчу.

Аскерий доктринага өзгөчө пикирин мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков айтып келатат. Талкуу маалында экс-министр документтин өзөгүн саясий, аскерий-техникалык жана аскерий экономикалык негиздер түзүшү керектигин белгилеп, долбоордо курал-жарак менен жабдуунун артыкчылыктуу багыттары, өлкөнүн коргонуу-өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү камтылбай калган деп сындаган болчу.

Жергиликтүү эксперт Искендер Шаршеевдин көз карашына караганда, Кыргызстан коңшулаш мамлекеттер менен биргелешип иштөө максатын алдыга чыгарып, бирок аскерий тармактын ички системасын көз жаздымда калтырып койду:

- Доктрина чоң согуш эмес, майда согуштарга эптүү армияны түзүүгө багытталышы керек эле. Бирок биздикилер коңшулаш мамлекеттер менен бирге иштешүү керек деген ойду чыгарышты, бирок ички система ошол бойдон калды. Аскерге чакыруу системасы согушка аскерлерди даярдоого жөндөмсүз система. Реформа кылыш үчүн контракттык армияны түзүп, автоматташтырылган техниканы колдонуу – ушул эки нерсе керек.

Талдоочу Кыргызстан контракттык негиздеги 5-6 миң аскери, 15 миңдей резервдеги аскери жана автоматташтырылган кибер дивизиясы болсо, азыркы замандын эл аралык терроризм сыяктуу коркунучтарына туруштук бере алат деген ишенимде. Ал үчүн ашып кетсе 22 миллион доллар кетерин эсептеп чыккан эксперт Орусиянын куралдары чакан Кыргызстанга ылайык келбейт деген көз карашты карманат:

- Дүйнөдө Орусиянын аскерий техникасы жакшы деп бааланат. Бирок аябай кымбат жана аскер адамына жөндөмдүү эмес. Ал жерде машина биринчи, аскердин жашоосу экинчи орунда турат. Ал кымбат техниканы алгандын ордуна автоматташтырылган, роботтоштурулган, учкучсуз техниканы колдонуш керек. Ал абдан арзан жана абдан натыйжалуу. Ал согуш болуп жаткан жерге барбай туруп эле дүйнөнүн кайсы жеринен болсо башкара алат жана террористтерди жок кылууга толук жөндөмдүү.

Анткен менен президент Атамбаев Орусия 1,1 млрд. долларга бааланып жаткан аскерий курал жарактардын алдын күзүндө бере баштайт деп жыйында айтып чыкты. “Ошол курал жабдыктарды жаңылбай тандап алуу Коргоо кеңешинин чечимдеринен көз каранды. Анткени куралдарды коргонуу күчтөрүнүн түзүмүнө жараша аныктайбыз”, - деди президент Коргоо кеңешинде.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, Кыргызстанга Орусия заманбап бронетанкалык техникаларды, тик учмаларды жана атуучу куралдарды берет деген жоромолдор айтылып келатат. Коргонуу жаатындагы бул аракеттер өлкөнү ар кыл коркунучтардан коргоп, өткөндүн катачылыктарын кайталабаганга канчалык салым кошорун мезгил көрсөтөт.

"Бири жол курса, бири жол тосот..."

3-июлда Базар-Коргон районунун аймагында эки жылдан бери курулуп жаткан “Датка” подстанциясы ишке киришти. 500 киловаттык кубатка ээ бул подстанция - “Датка-Кемин” долбоорунун биринчи баскычы. 2015-жылы “Кемин” подстанциясы пайдаланууга берилип, “Датка-Кемин” туташтырылса Кыргызстан кошуна өлкөлөрдөн көз карандысыз энергетикалык алкакка ээ болмокчу.

"Датка" подстанциясы, Жалал-Абад, 3-июль, 2013.
"Датка" подстанциясы, Жалал-Абад, 3-июль, 2013.

СССР кезинде куралган Борбор Азия Бирдиктүү энергетикалык алкакка Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринин сексенден ашык электрстанциялары байланган. Бул көз карандысыз болуп кайра түзүлгөн мамлекеттердин жеке кызыкчылыктарына келгенде энергетика менен жабдуу маселеси олуттуу проблемаларды жаратууда.

Энегеркетика менен жабдуунун ушул өңдүү проблемаларын жеңилдетүүгө багытталган долбоорду кытайлык ТВЕА компаниясы Шанхай кызматташтык уюму аркылуу 2011-жылдан бери ишке ашырып келатат.

“Датка” подстанциясынын ачылышына катышкан президент Алмазбек Атамбаев Кытай өкмөтүнө долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, ошол эле мезгилде айрым күчтөр Кыргызстандын өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатат деген нааразылыгын дай айта кетти:

- Жолдорду бирөө бууп атат, башкасы куруп атат. Мындай болбош керек. Кыргызстан тилемчидей болбой, бейиштин төрүндөй, кенге жана сууга бай жерде, баарынан алдыга чыгып, керек болсо жардам бериш керек. Ошондуктан ар бир мекендешибиз, ар бир кыргызстандык "мен мекениме эмне жасадым?" деп ойлонуш керек. Көрүп турасыңар, "Кыргызстан ары томолонуп, бөлүнүп, жок болуп кетсин" деген күчтөр абдан көп. Арабызда кээ бирөөлөр жүрөт, тыйын-тыпырын ала коюп. Ошондуктан биздин негизги милдетибиз – Кыргызстанды сакташ керек. Кыргызстан жакынкы жылдары эле башын көтөрүп кетет. Жалал-Абад шаарындагы, Барпыдагы, Жети-Өгүздөгү окуялар жаштарды жамандыкка түрткөндөр бар болгонун көрсөтүп жатат.

Чынында эле бул күнү милиция менен жаңжалдашкан жергиликтүүлөр Бишкек–Каракол автожолун Чолпон-Ата туштан тосуп, чатак Ички иштер министрлигинин киришүүсү менен тыйылды. Маселени териштиргени барган министрдин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиевдин билдиргенине караганда, жаңжалга байланыштуу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынып, экинчи тараптан камакка алынган үч кишинин иши териштирилип жатат.

Жол тосууга чейин жетип, жаңжалдын ырбашына райондук милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар тобунун апта башындагы мушташы себеп болгон.

Бир күн мурда чатакты териштирген өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев себебин соода-сатыкка байланышкан талаш тартыш деп мүнөздөгөн.

Бул - Кыргызстандын бюджетине олуттуу киреше алып келет деп үмүт байлаган туристтик сезондун маалында Ысык-Көлдө болуп жаткан алгачкы окуя эмес. Жай башталганы Жети-Өгүз районунда жана Каракол шаарында Кумтөр кенине, кийинчерээк өкмөттүн жаңы дайындалган өкүлү Эмилбек Каптагаевге каршы бир катар нааразылык акциялары өттү. Бул өңдүү көрүнүштөрдү негиз кылган Ак-Суу районунун тургундары бийлик башчыларына кайрылуу жолдоп, өз пайдасы үчүн саясий оюндарды жүргүзүп жаткандарды жоопкерчиликке тартууну сурап, элди мыйзамды сактоого чакырды.


Жети-Өгүздөгү нааразылык акциясы, 31-май, 2013.
Жети-Өгүздөгү нааразылык акциясы, 31-май, 2013.

Бул өндүү көрүнүштөрдү коомдук-саясий чөйрөдө бийликтин алсыздыгы менен байланыштыргандар да болууда. Маселен, мурдагы ички иштер министри Болотбек Ногойбаев аймактарда болуп жаткан ар кандай деңгээлдеги мыйзамдуу жана мыйзамсыз аракеттерди бийликтин алсыздыгы жана ага карата коомчулуктун мамилеси деп баалады.

Ал эми саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, Кыргызстандагы коомдук стабилдүүлүккө зак кетирүү аракеттерине бийлик өзү жол берип коюп жатат:

- Эгер проблемалар жер-жерлерде чечилсе эл эч качан чыкпайт. Проблема чечилбегендиктен, башка күчтөр дейбизби, оппозициялык маанайдагы адамдар дейбизби, пайдаланып атышат. Бийлик кош стандарт менен кетип калды. Күчү деле бар. Өзүнүн функциясын так аткара албай атат. Күч колдонбой, диалогго барышы керек. Эгер өлкөдө стабилдүүлүк болбосо муну бардык күчтөр колдонот. Ички оппозиция колдонушу мүмкүн. Кыргызстанды пайдаланалы деген тышкы күчтөр колдонушу мүмкүн.

Баш прокуратура: Үч депутат жазалансын

Бул аралыкта радикалдык оппозициядабыз деген “Ата-Журт” партиясы жана алардын 17-июнда камактан бошотулган Жогорку Кеңештин фракциясындагы үч лидери бардык макул эместиктерге мыйзам чегинде каршылыктарын билдирерин маалымдоо менен чектелишүүдө. Мындай тыныгууну көпчүлүк байкоочулар үч депутатка байланышкан кылмыш ишке акыркы чекит коюла электиги менен байланыштырышууда.

Бишкек шаар соту актаган үч депутат маалымат жыйынында, 19-июнь, 2013.
Бишкек шаар соту актаган үч депутат маалымат жыйынында, 19-июнь, 2013.

Үч депутаттын атынан апта этегинде маалымат жыйынын өткөргөн депутат Талант Мамытов аларга каршы Башкы прокуратура, Жогорку Сот жана Президенттик аппараттын тиешелүү бөлүмү жең ичинен биригип иштеп жатышат деп билдирди.

Башкы прокуратура болсо Жогорку Соттун соттук коллегиясына көзөмөл иретинде мурдагы аптада жиберген сунушунун көчүрмөсүн коомчулукка жарыялады. Анда мамлекеттик айыптоочу сот коллегиясынан Бишкек шаардык сотунун 17-июнда жана Биринчи май райондук сотунун 29-мартта кабыл алган өкүмдөрүн жокко чыгарып, жаңы чечим кабыл алууну сураган. Башкы прокуратура депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана алардын үч жардамчысы Кылмыш жаза кодексинин 30, 28, 295-беренелери боюнча күнөөлүү деген көз карашта калууда.

Жалпыга маалым, аталган үч депутат былтыр 3-октябрда Кумтөр ишине байланыштуу өткөн нааразылык акциясынан кийинки Ак үйдүн кашаасын ашып өтүү окуясына байланыштуу бийликти басып алууга аракеттенди деген негиз менен камалып, 17-июнда Бишкек шаардык соту актаган.

Эне тилим – эне сүтүм

Өтүп бараткан аптадагы маанилүү окуялардын дагы бири - президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндөгү жардыкка кол коюшу болду. Жардыкка ылайык, эми мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, “Кыргызтест” системасын иштеп чыкмай болду. Мындан тышкары жардыкта “Пирамида” каналынын негизинде “Маданият-Тарых-Тил" каналын түзүү белгиленди. Бул өңдүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн президенттин фондунан 10 миллион сом бөлүндү.

Өткөн айда президент Атамбаев “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды парламентке кайра иштөө үчүн кайтарып берип жатып, тилди өнүктүрүү жаатында жардык даярдалып жаткандыгын жарыялаган. Ошондуктан бул жардыктын пайда болушу коомчулук үчүн күтүүсүз эмес болчу. Ал эмес президент кайтарган мыйзамдын негизги демилгечилеринин бири, депутат Урмат Аманбаева дагы жардыкты “туура чечим болду” деп билдирди. Ошентсе да адистер бийлик жардыкты аткарууга батыл киришпесе, көп иштердин бири катары убакыт менен кошо унутулуп калышы ыктымал деген күдүк ойлорун жашырышкан жери жок.

XS
SM
MD
LG