Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

Сан-Францискодо кулаган учактагы жүргүнчүлөрдөн экөө каза болду


Аэропортко кулаган учактагы өрттү өчүрүү аракети, 6-июль, 2013

Аэропортко кулаган учактагы өрттү өчүрүү аракети, 6-июль, 2013

Кечээ АКШдагы Сан-Франциско эл аралык аба майданына конуп жатканда Сеулдан келген Боинг-777 учагы күйүп кеткен. Түштүк Кореянын Asiana компаниясына караштуу учакта 291 жүргүнчү, экипаждын 16 өкүлү болгон.

Ондогон адамдар куткарылды, бирок расмий өкүлдөрдүн айтымында, оор жаракат алган 50дөй киши ооруканага жеткирилди. Калгандарынын жарааты жеңил экени кабарланууда. Өлгөн эки жүргүнчү - кытайлыктар.

Сан-Францисконун мэри Эдвин Ли маалымат жыйынында сүйлөп: "Көптөгөн адамдардын жардамы менен биз күйүп жаткан учактан 307 адамды чыгара алдык. Эки киши набыт болду. Бир топ жүргүнчүлөрдүн абалы азыр өтө оор деп бааланууда", - деди.

Учактын үстү жагы толугу менен күйүп кеткен. Кырсыкка эмне себеп болгонун азырынча аныкташа элек. ФБР мында эч кандай террордук чабуулдун изи жок экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG