Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:38

Тез жардам унаасында кырсыкка кабылган аялдын абалы туруктуу


Эки күн мурда машина коюп, курсактагы баласы чарчап калган аялдын абалы орто, туруктуу. Мындай маалыматты "Азаттыкка" Чүй облустук төрөтканасынан билдиришти. Кырсыктаган Заира Рыскулбекованын ичиндеги баласы үчүнчүсү болчу.

Жума күнү Бишкектин Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде кош бойлуу аялды алып бараткан тез жардам унаасына “Хонда” үлгүсүндөгү машина жол бербей, тез жардам унаасын капталынан урган. Тез жардам кызматынан ошол күнү билдиришкендей, кош бойлуу аялдын баласы чарчап, башы чайкалган. Тез жардам унаасынын айдоочусу менен медицина кызматкери да башынан жаракат алган.

Окуя боюнча тиешелүү кызмат укуктук териштирүү тууралуу маалымат бере элек. Бишкекте буга чейин да тез жардам унааларын коюп кеткен учурлар катталган. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG