Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Путин менен Назарбаев Жакынкы Чыгыштагы абалга тынчсызданды


Орусиянын президенти Владимир Путин “Египетте жарандык согуш тутанып кетүү коркунучу бар” деп билдирди. Бүгүн Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда Путин: "Сирия граждандык согуштун чордонуна айланды. Египет да азыр ошол нукта баратканы өкүнтөт. Египеттиктер мындай тетири нерсеге жол беришпейт деп ишенгим келет", - деди.

Назарбаев болсо, азыр Жакынкы Чыгыштагы окуялар аны да катуу ойлонтуп жатканын айтты. "Карасаңыз, азыр Египет менен Сирияда эмне болуп жатат. Бүтүндөй аскерий каршылыктын кучагында калышты. Мунун баары бизди да катуу кыжаалатка салат", - деди Назарбаев.

Орусия менен Казакстандын президенттери 2014-жылы Ооганстандан эл аралык аскерлер чыгарылгандан кийинки кырдаалды талкуулаш үчүн жолугушканы айтылган. Путин Назарбаевди туулган күнү менен да куттуктады. Назарбаев кечээ 73 жашка чыккан. "Сиз Казакстан үчүн көп иш жасадыңыз, келечекте да мындан кем эмес иш жасайсыз деп ишенем", - деди орус президенти.
XS
SM
MD
LG