Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Сан-Франциско: учак кырсыгынын себеби жарыяланды


Жекшембиде АКШнын Сан-Франциско шаарында кулаган "Боинг-777" учагынын кырсыкташынын алгачкы себептери ачыкка чыкты. АКШнын унаа коопсуздугу боюнча улуттук кеңеши тараткан маалыматка караганда, учак коноорго жети секунд калганда эч кандай техникалык маселе байкалган эмес. Коноорго 1,5 секунд убакыт калганда учкучтар жогору көтөрүп, кайрадан кондурууга аракет кылышкан. Ошол маалда учак аба майдандагы дубалга тийип, кырсыкка учураган.

Түштүк Кореянын Asiana компаниясына караштуу учакта 291 жүргүнчү, экипаждын 16 өкүлү болгон. Алардын ичинен 2 кытайлык жаран каза болду. Ондогон адамдар куткарылды, оор жаракат алган 50дөй киши ооруканага жеткирилди.

XS
SM
MD
LG