Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Балык чарбачылыгы боюнча стратегия өкмөткө сунушталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балык чарба департаментинин директору Самарбек Күчүков билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жылына 300 тоннадай балык өндүрүлөт. Советтер Союзунун учурунда бул сан 1, 5 миң тоннага жетчү. Күчүков кошумчалагандай, акыркы үч жылда өлкөдө балык чарбасын жандантуу аракети көрүлүп жатат. Бул үчүн аймактарда балык чарба ассоциациялары түзүлүп, Ысык-Көл жана Соң-Көлдүн балыктары изилденип, Илимдер академиясынын алдында атайын лаборатория ачылды. Мунун баары БУУнун азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча программасынын көмөгү менен ишке ашууда.

Атайын аныкталган эреже боюнча, адам бир жылда 22 килограммга жакын балык менен азыктанышы керек. Кыргызстанда бул сан орточо 1 килограммды түзөт.(EBM\BkA)

XS
SM
MD
LG