Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

Талас: Талаш жердин эли менен вице-премьер Мамытов жолугат


Вице-премьер-министр Токон Мамытов бүгүн кыргыз-казак чек арасынын Таластын Көк-Сай айылындагы талаш болуп жаткан жерине барып эл менен жолугат. Жолугушууга өкмөттүн чек ара боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров да катышат.

Казак тарапка Кыргызстандан кеткен сугат суу кечээ буулганын "Азаттыктын" Таластагы кабарчысы Мирбек Айтикеевге жергиликтүү активисттер кабарлаган болчу. Учурда ал жерде нааразылык акция уюштургандар эки боз үй тигип койгону кабарланууда.

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери Кара-Бууранын Көк-Сай аймагындагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга 2012-жылдын сентябр айында жетишкен. Бирок айыл тургундарынын бири аны колдосо, экинчилери жер алмашылганына каршы.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы 1241 чакырымды түзөт. Чек араны тактоо 2008-жылы аяктаган. (MbA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG