Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Индонезияда жолборстор беш адамды "барымтада" кармоодо


Индонезияда беш адам өткөн бейшембиден бери жолборстордун камоосунда отурат. Алар Суматра аралындагы улуттук корукта жыпар жыт бөлгөн дарактарды жана дары чөптөрдү издеп жүрүп, ачка калып, капкан коюшат. Капканга түшкөн жолборстун баласынын үнүн угуп, жетип келген беш айбанат бир адамды тытып салат, а калган бешөө дарактын башына чыгып кетет. Алар туугандарына уюлдук телефондон өз дарегин айтып кабар беришет. Полициянын билдиришинче, куткаруучулар жолборстордун туткунундагы адамдар турган жайга үч күндө жеткен. Бирок азырынча алардын ордун такташа элек. Суматра жолборстору жоголуп кетүү коркунучундагы айбанаттардын түрүнө кирет. Азыр алардын жапайы жүргөндөрүнүн саны 400 чамалуу.

XS
SM
MD
LG