Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Ооганстанда 20дан ашуун талиб согушчаны жок кылынды


Ооганстандын чыгыш бөлүгүндөгү аскерий операция кезде 20дан ашык талиб согушчаны жок кылынды. Вардак провинциясында Ооган армиясы 16 талибди жок кылып, куралдарды, автомобилдерди жана мотоциклдерди колго түшүрдү. Провинция губернаторунун өкүлү жергиликтүү полиция өткөргөн чакан операция учурунда дагы төрт талиб жок кылынганын кабарлады. Коңшулаш Лагман провинциясында коопсуздук күчтөрү менен болгон урушта эки согушчан окко учканы ырасмий маалымдалды. Операция кезде Ооган армиясы 10 аскеринен ажыраган. Нангархар провинциясындагы тосотко жасалган чабуулда үч полициячы катардан чыкканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG