Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ош: Унаа номурун уурдады деп шектелгендер камалды


Ош шаарында автоунаанын мамлекеттик номерин уурдап, машина ээсинен 2000 доллар талап кылган деген шек менен эки киши кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 6-июл күнү болгон. Шаардын 34 жаштагы тургунунун “Лексус” унаасынан мамлекеттик номерди уурдап кеткен жарандар ээсине телефон чалып, акча алып келүүсүн талап кылган. Унаа ээсинин арызынын негизинде милиция тарабынан издөө башталып, окуянын эртеси күнү кылмышка шектүү эки жаран кармалган. Алар Ош шаарынын 19 жана 27 жаштагы тургундары. Экөө тең жумушсуз. Унаанын жоголгон номурлары алардын биринин үйүнөн чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG