Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Египет өкмөтү кандуу окуяга “терең өкүнөт”


Египеттин утурумдук өкмөтү куралчан адамдар аткан октон Мухаммед Мурсинин 40тан ашуун тарапкери өлгөнүнө “терең өкүнүчүн” билдирди. Өкмөттүк телеканалдын кабарлашынча, Республикачыл гвардиянын казармасынын алдындагы бүгүн таң эртең болгон кандуу булоонду иликтөө үчүн убактылуу өкмөт башчы Адлы Мансур комиссия түздү. Казармада Египеттин 2-июнда бийликтен кулатылган исламчыл президенти Мурси кармалууда деген маалымат бар.

Мурсинин жактоочулары чабуул үчүн армияны күнөөлөдү, аскерлер болсо окту “куралчан террорчулар” атты дешүүдө. Бул окуядан улам салафиттердин "Нур" партиясы жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүгө катышкандан баш тартты.

XS
SM
MD
LG