Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

Түлеевдин cоту уланат


Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат, борбор калаанын мурунку мэри Нариман Түлеевдин соту уланат. Анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, бүгүнкү соттук жараянда иштеги документтер изилденип бүтөт. Андан соң тараптар жарыш сөзгө өтөт. Адвокаттын айтымында, ушул аптанын ичинде Түлеевге сот өкүмү чыгышы мүмкүн.

Нариман Түлеев 2008-жылы Кытайдан автобустар алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген деп айыпталып жатат. Ал былтыр июнь айында камакка алынган. Учурда Улуттук онкология борборунда дарыланып жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG