Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Токмокто мунай базасына каршылар митингге чыкты


Ушу тапта Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында эки жүздөй тургун нааразылык акциясын өткөрүүдө. Уюштуруучулардын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, алар бул аймакта мунай базасынын жана мунай иштетүү заводунун курулушуна нааразы. Себеби, алардын айтымында, бул ишканаларды санитардык-экологиялык талаптарды сактабай куруп жатышат.

Токмок шаарынын мэриясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, нааразылык акциясына чыккандардын талабын угуу үчүн ал жакка атайын комиссия жөнөп кетти. Жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Токмокко мунай иштетүү заводун кытайлык инвестор кураары, жылына ал ишкана 500 миң тонна чийки зат иштетээри мурда кабарланган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG