Эртең Бишкекте Кыргызстанга ар тараптан жардам берип келаткан донор уюмдар катышкан конференция өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Өнүгүү маселелери боюнча конференция деп аталган бул иш-чарага өлкө жетекчилиги, Ислам, Азия жана Евразия өнүгүү банктары саяктуу бир катар эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Мындан үч жыл мурда өткөрүлгөн донорлор конференциясынын жыйынтыгы талкууланып, 2017-жылга чейин деп иштелип чыккан Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегия тууралуу да сөз болот. (RK)