Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Кургак учукту аныктоочу жаңы лаборатория ачылды


Бүгүн Улуттук фтизиатрия борборунда кургак учук дартын аныктоочу жаңы лаборатория ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, соңку кезде кургак учукка жаңы чалдыккан бейтаптардын дартын так аныктоодо кыйынчылыктар жаралууда. Себеби бул оорунун айрым түрлөрү антибиотикке туруктуу болуп, дарынын күчү жетпей калып жатат. Айрыкча мындай көрүнүш кургак учукка жаңы чалдыккан бейтаптар арасында күч болууда.

Референс-лабораторияны Кыргызстанга Германия өкмөтү бекер орнотуп берди.

Дарыгерлердин айтымында, кургак учук болуп ооругандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Азыр Кыргызстанда 100 миң кишинин 103үндө бул оору бар. Эки жыл мурда 100 миңдин 95и оорулуу болчу. (RK)
XS
SM
MD
LG