Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Араванда Этнос аралык кеңеш түзүлдү


Оштун Араван районунда бүгүн Этнос аралык кеңеш түзүлүп, коомдук кабылдама ачылды. Бул жерде Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлчүлүгү иш алып бармакчы. Кеңештин курамына ар улуттагы 9 адам кирди. Анын төрагалыгына азери улутундагы Зулпукар Мамедов дайындалды.

Ушул сыяктуу коомдук кабылдама бүгүн Ош облусунун Ноокат районунда да ачылганы жатканын "Азаттыкка" Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Ош жана Жалал-Абад облустарында ар улуттун өкүлдөрү жыш отурукташкан аймактар көп. 2010-жылдын июн айында Ошто кыргыз жана өзбек улутундагылар ортосунда тутанган жаңжалда 400дөн ашуун адамдын жаны кыйылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG