Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Дагестанда журналист өлтүрүлдү


Дагестандагы Семендер айылында экинчи күнү эрте менен “Новое дело” гезитинин корреспонденти Ахмеднаби Ахмеднабиев өлтүрүлдү. Эртең менен ал отурган унааны белгисиз бирөөлөр аткылап кетишкен, башына бир нече ок жеген журналист ошол жерден мерт кетти. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, бул экинчи жолку кол салуу. 11-январда да журналисттин унаасы аткыланып, бирок Ахмеднабиев анда тирүү калган эле.

Тергөө өлтүрүүнүн үч себебин кароодо, анын негизгиси – журналист өз материалдары үчүн өлтүрүлгөн (AiK).

XS
SM
MD
LG