Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Орусиядагы мыйзамсыз мигранттарга талап күчөйт


Орусияда бул күндөрү жүрүп жаткан "Заслон-1" атайын операциясынын залакасы мыйзам бузбаган мигранттарга тийбейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов менен жолугушууда орус Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский билдирди. Анын айтымында, бул иш-чара Орусиянын миграциялык тартибин бузгандарга карата гана жүрүп жатат. Эки же андан көп жолу административдик тартип бузууга барган мигранттар Орусияга кирүү укугунан үч жылга ажырайт. Элчиликтин маалыматында, учурда Орусияда 700 миңге жакын кыргызстандык бар.

Тараптар Орусияга кирүү укугунан ажырагандар жөнүндө бири-бири менен такай маалымат алмашып турмай болгонун "Азаттыкка" элчиликтин өкүлү Айымкан Кулукеева кабарлады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG