Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Британия Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар орус мамкызматкерлерин киргизбейт


Москвадагы Хельсинки тобунун жетекчиси Людмила Алексеева Британиянын “Магнитскийдин тизмесиндеги” 60 орусиялыкка Британияга кирүүгө тыюу салуу чечимин кубаттады.

Британиянын Ички иштер министрлиги 60 мамлекеттик кызматкерге өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Алар Москвадагы СИЗОдо 2009-жылы Hermitage Capital корунун юристи Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелгендер.

The Telegraph гезити кабарлагандай, Британиянын бул чечими парламент мүчөсү Доминик Раабдын катына жазылган жоопто камтылган. Доминик Рааб бийликтен “Магнитскийдин тизмесиндеги” адамдар Британияга келгенин же келбегенин жазуу түрүндө сураган.

Өткөн жылдын аягында АКШнын президенти Барак Обама “Магнитскийдин мыйзамына” кол койгон, ал боюнча Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар делген орус мамлекеттик кызматкерлерине визалык жана каржылык санкциялар колдонулат.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Орусия Британиядан расмий чечим албаганын кабарлады. Лавров кабарлагандай, британ бийликтери буга чейин мындай санкциянын киргизилбей турганын бир нече жолу тастыкташкан. Министрдин пикиринде бул маалымат чагым болушу да мүмкүн. (AiK)

XS
SM
MD
LG