Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Эл аралык донорлор форуму башталат


Бүгүн Бишкекте эл аралык донорлор форуму башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Эки күнгө созулган форумга Азия өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы баш болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү катышат. Анда 2010-жылы өткөн эл аралык донорлор форумунун жыйынтыгы талкууланып, мындан аркы кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр өтөт.

Эл аралык донорлордун 1-форуму 2010-жылы Бишкекте өткөн. Анда өлкө экономикасын колдоого 1,1 миллиард доллар бөлүүгө макулдашылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG