Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:51

Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткендер көбөйүүдө


Сууга түшүү сезону башталгандан бери Оштогу Ак-Буура дарыясына 3 адам агып кетип, набыт болду. Алардын бири жаш бала. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, кырсыкка көп учурда балдар кароосуз калуунун, чоңдор ичкиликтин айынан кабылууда. Өткөн жылы сууга түшүү сезонунда бул дарыяга 10дон ашуун адам агып кетип, каза тапкан.

Ош шаарында жашоочулар жайдын ысык күндөрүн негизинен Ак-Буура дарыясынын жээгинде өткөрөт. Коопсуздук үчүн Ош шаардык милициясы Ак-Бууранын жээгин көзөмөлгө ала баштады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда, соңку бир ай ичинде Кыргызстанда 50 чакты киши сууга чөгүп өлдү. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG