Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

ИИМ: Жарым жылда коррупция боюнча 309 кылмыш иш козголду


Соңку жарым жыл ичинде Кыргызстанда коррупция боюнча 309 кылмыш иш козголду. Былтыркы жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 301ди түзгөн. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, быйыл милиция 132 факт боюнча иш козгоду. Ал эми милиция жөнөткөн материалдардын негизинде прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштердин саны 177ни түздү.

Коррупция боюнча катталган окуялардын көпчүлүгүн кызматын кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу, шалаакылык, жемкордук жана башка кылмыштар түзөт. Быйыл катталган факттар боюнча мамлекетке тийген зыяндын жалпы суммасы 335 миллион сом деп эсептелүүдө.

2010-жылдын апрел окуясынан кийин Кыргызстанда бийликке келген жетекчилик өлкөдө коррупцияга каршы аягыс күрөш жарыялаган. Көптөгөн аткаминерлер пара алып жаткан жеринен кармалганы айтылган. Бирок ошол иштердин дээрлик көпчүлүгү соттон колдоо таппай, эч ким жазага тартылбай келатканын көз каранды эмес адистер айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG