Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Сузакта бир үй чагылгандан жабыркады


Сузактын Таш-Булак айылынын тургуну Жандыбаев Кыялбектин үйүнө өткөн түнү чагылган түшүп, тамдын айрым жерлерин жарактан чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, шифер менен жабылган үйдүн чатыры, дубалдын оң жагы кулаган. Эки бөлмөнүн электр зымы тартылган жерлери толук күйгөн жана дубалда чоң жаракалар пайда болуп, төрт терезенин айнектери талкаланып калды. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG