Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Бишкектин мектеп имараттарынын коопсуздугу текшерилет


Бишкектеги мамлекетке караган орто мектептердин имараттарын текшерүү боюнча атайын эксперттик комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн шаар мэриясынан кабарлашты. Кечээ шаар башчы Иса Өмүркулов №25 жана №44 мектептерди кыдырган. Экөөнүн тең имараттары эскилиги жеткендиктен кооптуу абалда экенин айткан. Бүгүнкү жыйында Өмүркулов №25 мектепти таптакыр бузуп, ордуна жаңы имарат куруу керектигин айтты. Дээрлик баардык мектептердин короосу каралбай жатканын сындады. Августка чейин ар бир мектептин короосу тазаланып, ирээтке келтирилбесе директорлорду иштен алаарын айтты. Бишкекте жүзгө жакын орто мектеп бар.(RK)

XS
SM
MD
LG