Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Таласта Казакстанга кетчү сугат суу дагы эле тосулуп турат


Талас этегиндеги Казакстандын Жамбул облусуна кеткен сугат канал Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургундары тарабынан дагы деле тосулуп турат. Бул тууралуу суу тоскондордун бири Расул Насирдинов "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, бүгүн Көк-Сай айылында жыйын болуп, башка айылдан келген активисттер да аларга тилектештигин билдирген. Учурда каналдын баш жагына тигилген боз үйдө жергиликтүү активисттер сууну кезектешип кайтарып жатат.

Каналды жергиликтүүлөр 7-июлда тосуп, өкмөттөн кыргыз-казак чек арасындагы коңшу өлкөгө өтүп кетти делген 4,5 миң гектар жерди кайтаруу талабын койгон. 8-июлда нааразы болгондорго вице-пемьер министр Токон Мамытов барып ал жер 2001-2008-жылдары эки өлкөнүн парламенттери тааныгандан кийин такталганын айткан болчу. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG